Талас облусунун “Чоң-Капка автожолу” карантиндик фитосанитардык көзөмөл пунктунда Россия Федерациясынан алынып келе жаткан 22 тонна нутка карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлгөн.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, текшерүү учурунда адистер продукциянын таңгагында милдеттүү маркировканын жоктугун аныкташкан.

Евразиялык экономикалык комиссиясынын Кеңешинин №157 чечимине ылайык, карантиндеги ар бир продукциянын таңгагында товардын аталышы, өндүрүлгөн өлкө, экспорттоочу же реэкспорттоочу өлкө тууралуу маалымат камтылууга тийиш.

Жогорудагы Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптары бузулгандыгына байланыштуу, 22 тонна көлөмүндөгү жүк Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген эмес жана жөнөтүүчүгө кайтарылган.