Биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев күйүүчү майдын баасынын азыркы убактагы жогорулашы дүйнөлүк рыноктогу дефициттен көз каранды экенин билдирди. Ал экономиканын башка факторлору менен байланыштуу эместигин белгиледи.

Амангельдиевдин айтымында, учурдагы эң негизги максат — жыл аягына чейин азыркы келишимдерге ылайык бааларды туруктуу кармап, рынокто күйүүчү майдын жетишерлик болушун камсыз кылуу.

Мындан тышкары, өкмөт мүчөлөрү кийинки жылга карата жаңы ишканаларды жана кубаттуулуктарды иштеп чыгуу, ошондой эле туруктуу жеткирүүлөр боюнча келишимдерди түзүү иштерин активдештирүүдө.

Күйүүчү май менен камсыздоо маселеси өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат жана бул багытта иштер уланууда.