Корумду – Балбай баатыр аралыгындагы 104-184,5 чакырым аралыкта Ысык-Көлдүн айланма жолунун реконструкциясы масштабдуу жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына ылайык, 79,2 чакырымга төмөнкү асфальт катмары төшөлдү, ал эми 71,6 чакырымга үстүңкү асфальтобетон катмары (ЩМА) салынды.

Жолду өнүктүрүү долбоорунун алкагында 14 көпүрө жана 2 жөө жүрүүчү туннели курулду. Негизги трассага 235 суу өткөргүч түтүк орнотулду.

Ошондой эле, бурчтарда, автотостанцияларда, тротуарларда жана велосипед жолдорунда пландалган 654 суу өткөргүч түтүктүн 452си орнотулду.

Реконструкциядан кийин жол төрт тилкелүү болуп кеңейет. Андан сырткары тротуарлар, велосипед жолдору курулат жана жалпы 877 суу өткөргүч түтүк орнотулмакчы.

Корумду – Балбай баатыр бөлүгү 17 айылдан өтөт. Жолдун коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык техникалык талаптар сакталууда жана убактылуу жол белгилери коюлган.