Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернат АКШнын аскердик-граждандык колдоо тобунан 55 миң долларлык гуманитардык жардам алды.

Бул жардам мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында берилди, ошондой эле окуу процесси үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.