Кыргызстандын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги балдарга берилчү «Бала ырысы» жөлөк пулун алууда жаңы талаптарды жарыялады. Эгерде балада Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту жок болсо, анда жарандыкты тастыктоо жөнүндө күбөлүктү алуу зарыл.

Бул талапка ылайык, баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү мамлекеттик «Кызмат» мекемесинин Калкты тейлөө борборуна (ЦОН) кайрылып, баланын жарандыгын ырастаган документти алууга тийиш.

Бул чаралар «Бала ырысы» жөлөк пулун берүү процессин тактап, туура иштөө үчүн киргизилди.