Ат-Башы районуна караштуу айылдардын биринде болгон жарылуудан улам бир киши оң колунан ажырады. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор жана жергиликтүү жашоочулар билдиргенин маалымат булактары жазып чыкты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жарылган буюмду балдар буга чейин талаадан таап, үйгө алып келишкен. Кырсык 24-июль күнү болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, ошол күнү эртең менен кошунасынын үйүнөн катуу жарылуунун үнү угулган. Бир нече секунддан кийин жабырлануучунун жубайы сыртка чуркап чыгып, жардамга чакырган.
Нарын облустук Ички иштер башкармалыгы (ИИБ) бул факты катталганын билдирди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Милиция жарылган буюмдун келип чыгышын жана окуянын бардык жагдайларын аныктоодо.




