Министрликтин маалыматы боюнча, учурда курулуш иштери аягына чыгып, ички жасалгалоо жана имараттарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мектептин курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталып, республикалык бюджеттин каражатынан каржыланган. Объекттин жалпы баасы 236 миллион сомду түзөт.

Жаңы эки кабаттуу мектеп имараты үч блоктон турат. Анда заманбап окуу кабинеттери, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгекке үйрөтүү кабинеттери жана спорт залы каралган. Имараттын жалпы аянты 2 980 чарчы метр.

Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол аянтчасы да жабдылган.