Нарын облусунун Ат-Башы районунда бир эркек киши белгисиз жардыргыч заттын жарылуусунан жабыркады. Маалыматка ылайык, жарылган буюм гранатага окшош болгон.

Окуянын кесепетинен жабыркаган адамдын колу үзүлүп калганы белгиленет. Учурда бул кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.