Нарын облусунун Ат-Башы районунда жолдорду оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүүдө. Ача-Кайынды—Май-Босого автоунаа жолунун 2–43 чакырым аралыгында эки автогрейдердин жардамы менен жолдун бетин тегиздеп, таш-таштарды тазалоо иштери аткарылууда.
Ошондой эле Ат-Башы—Кында—Торугарт автоунаасынын 82–94 чакырым аралыгында механикалык жүктөгүч колдонулуп, жол четтери калыбына келтирилүүдө. Бул трассанын 8–30 чакырым аралыгында дагы жолду тегиздөө жана таштарды тазалоо иштери жүрүүдө.
Күчтүү жамгырдын кесепетинен 10–12-августта бул аймакта чоң суу агымы пайда болуп, Ат-Башы—Кында—Торугарт жолунун 135-чакырымындагы көпүрөнүн бир бөлүгү зыянга учурады. Азыркы учурда бул жерде калыбына келтирүү жана бекемдөө иштерин жүргүзүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чаралары көрүлүп жатат.
Жүргүзүлгөн иштердин башкы максаты — жолдордун техникалык абалын жакшыртуу, кыска убакытта жамгырдан келип чыккан зыяндарды жоюу жана айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүү болуп эсептелет.







