Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов 15-августта XII эл аралык куткаруу машыгууларынын жабылуу аземине катышты.

Машыгуулар 4-15-август аралыгында өткөрүлүп, анда куткаруучулар тоо шарттарында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, жабыркаган адамдарды коопсуз эвакуациялоо, таш жылмаякчалардан көтөрүлүп-төшүүгө байланыштуу ыкмаларды өркүндөтүү боюнча көндүмдөрүн машыктырышты.

Машыгуу иш-чаралары Чуңкурчак өрөөнүндө, "Ала-Арча" улуттук паркында жана Кегети өрөөнүнүндөгү Көл-Төр тоо көлүнүн аймагында өткөрүлдү.

Биздин өлкөдө куткаруучулар менен катар Алжир, Армения, Грузия, Иордания, Марокко, Монголия, Палестина, Россия, Сауд Арабиясы, Судан жана Тунис мамлекеттеринин өкүлдөрү да катышты.