Sport AKIpress агенттиги билдиргендей, пляждык волейбол боюнча Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионаты 25-июлда Өзбекстандын Ташкент шаарында башталган.

Аялдар арасындагы мелдешке жалпысынан алты жуп катышууда. Кыргызстандын курама командасынын курамында Огулай Кудайкулова менен Адина Маматжан кызы ойношот.

Кыргызстандык спортчулар биринчи турда Өзбекстандын командасы менен беттешип, 2:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.

26-июлда кыргызстандык команда Тажикстандын жубу менен ойнойт.