Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү Бакыт Торобаев «Нижний-Чуй» контрольно-пропускного пунктынын курулушу менен таанышуу максатында Чүй облусуна барып, мамлекеттик жана подрядчылардын өкүлдөрү менен биргеликте кеңешме өткөрдү.

Кеңешме учурунда курулуштун азыркы абалы, долбоордун бекитилген пландарына ылайык жүрүп жатканы, объектти инженердик инфраструктура жана коммуникациялар менен камсыздоо маселелери каралды.

Торобаев учурда курулуш иштеринин убагында бүтүшү чек арада өтүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, жарандарга жана жүк ташуучуларга ыңгайлуу шарт түзүүдө, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Кеңешме соңунда мамлекеттик орган жана подрядчылар курулуш иштерин өз мөөнөтүндө башкарып чыгуу, инженердик коммуникацияларга кошуу жана уюштуруу маселелерин өз убагында чечүү боюнча тапшырмалар берилди.