Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) маданият министрлеринин 23-жолку жыйыны өтүүдө. Бул жыйын Кыргызстандын төрагалыгы доорунда уюштурулуп, маданий байланыштарды кеңейтүү максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чарага ШОСко мүчө мамлекеттер — Узбекистан, Казакстан, Тажикстан, Иран, Индия, Кытай, Пакистан жана Россия өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышып жатат.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер маданий кызматташтыкты чыңдоонун актуалдуу темаларын, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын жана эл аралык маданий иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда.

Ранее по темеVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программаcы учурдагы глобалдык процесс менен айкалышат

Ошондой эле, иш-чара маданият жана искусствонун чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары күчөтүү багыттарын аныктоону максат кылат.