Министр Мирбек Мамбеталиев Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) маданият министрлеринин 23-жыйынында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасын тааныштырды. Бул оюндар спорттук иш-чарадан чыгып, көчмөн цивилизациясынын Олимпиадасына айланганын баса белгиледи.
Мамбеталиев оюндун негизги максаты – эзелтен келе жаткан көчмөн салттарын азыркы глобалдык өзгөрүүлөр менен байланыштырууну камсыз кылуу жана этноспорт, этномаданият жана илимди бириктирүү экенин айтты.



















