Бишкек шаарында өткөн «Бюджет ар бир баланын кызыкчылыгы үчүн: эсептелген чыгымдар, натыйжалуу чечимдер, балдар үчүн мыкты жыйынтыктар» аттуу тегерек столдо Асель Чынбаева бюджеттик каражаттарды бөлүк эсепке алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул чара мамлекеттик акчанын канчалык деңгээлде натыйжалуу колдонулуп жатканын жана балдардын муктаждыктарына так канча каражат бөлүнгөнүн аныктоого мүмкүндүк берет.
Балдарга көрсөтүлгөн колдоо жана учурдагы көрсөткүчтөр
Асель Чынбаева акыркы жылдары Кыргызстанда балдарды колдоо боюнча бир катар иш-чаралар ишке ашырылып жатканын белгиледи. Азыркы учурда балдарга каралган чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, Социалдык фонд жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу каржыланууда.
Негизги көрсөткүчтөр
Мындан тышкары, биыл бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү баладан баштап «Балага сүйүнчү» жардам пулу төлөнө баштады. Ошондой эле балдарга берилүүчү айлык универсалдык жардамдын өлчөмү эки эсеге көбөйүп, 1 200 сомду түздү.
Баланын өнүгүүсүнүн ар бир багыты — ден соолуктан тартып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүүгө жана зомбулуктан коргоого чейинки маселелер — ар кандай мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө кирет.













