Балыкчы шаарындагы Green City пляжында туристтерди ташуу үчүн пони кайра колдонулууда. Жаңы тартылган видеолордо жаныбар өтө арыктап, чарчап калган абалда көрүнөт.
Жүргүзүлгөн байкоолордон понинин артындагы вагонеткага бир кезде алтыдан сегиз адамга чейин отургандыгы аныкталган. Бул жаныбарга көп оордук келип, тынчы кыйын болуп жаткан.
Ишти иликтегендер адамдардан жаныбарга жүк түшүрүүнү токтотуп, анын абалын жана ээлеринин аракеттерин адистер иликтеп чыгуусун талап кылууда.









