Аймактын жашоо шартын өзгөрткөн долбоорлордун алкагында Зардалы айылына жаңы жол ташталды, ал эми чек ара маселелеринин чечилиши натыйжасында жаңы айылдар түзүлдү.

Инфраструктура жана турак жай

Өткөн жылдарда алыскы Зардалы айылына баруу мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Бул максатта жаңы жол курулуп, айылга электр энергиясы жана интернет жеткирилди.

Зардалы айылындагы жол долбоору

18км жол узундугу
890 млнсомовдук чыгым

Чек ара маселелеринин чечилишине байланыштуу жаңы конуштар түзүлгөн Жаңы-Достук, Раззаков жана Максат айылдарында жарандарга жаңы үйлөр тапшырылды.

Тапшырылган турак жайлар

181Жаңы-Достук айылындагы үй
76Раззаков жана Максат айылдарындагы үй

Спорт жана шаардык курулуштар

Баткен шаарында аймак үчүн алгачкы ири спорттук объект — 10 миң көрүүчү үчүн стадион курулууда. Ошондой эле шаарда ипотекалык турак жайлар дагы активдүү курулууда.

Атап айтканда, шаардын ичинде «Асман резиденция №1» аттуу 12 кабаттуу турак жай комплекси катары жаңы имараттардын курулушу жүрүп жатат.

Контекст

Баткен облусунун калкы болжол менен 594 700 адамды түзөт. Акыркы беш жыл ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араларды тактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маанилүү кадамдар жасалды.