ШаарЭскерүүлөр: 27

Баткен облусунда өнөр жайды өнүктүрүү, кендерди өздөштүрүү жана сугат жерлерин кеңейтүү боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү документи коомдук талкууга чыгарылды.

Баткен облусунда 2027-жылга карата артыкчылыктуу өнүктүрүү багыттары аныкталды, анын ичинде спорттук объекттерди жана туристтик аймакты модернизациялоо камтылган.

Баткен аймагында акыркы беш жыл ичинде чек ара маселелерин чечүүдөн баштап, жаңы социалдык объекттерди курууга чейинки маанилүү иштер аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев жол иштеринде кемчиликтер табылган учурда, аларды подрядчылар өз чөнтөгүнөн кайра курууга милдеттүү экенин билдирди.

Раззаков шаарында унаадан акча уурдаган деп шектелген 39 жашар жергиликтүү тургун кармалды.
Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгынын кесепетинен 7-класстын 12 жашар окуучусу каза болду.

Адистер Баткен облусунун Раззаков шаарындагы «Жаштык» кинотеатрынын имаратын анын учурдагы сейсмикалык жана техникалык абалын баалоо максатында изилдешти. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча объектини андан ары пайдалануу боюнча сунуштар камтылган корутунду даярдалат.

Лейлек районунан чыккан Асилай Усарова «Мыкты тарбиячы — 2026» республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү деп табылып, ага 500 000 сомдук сертификат ыйгарылды. Жеңүүчүнү КР Билим берүү министрлиги сыйлады.

Кыргызстанда бир нече аэропорттордун реконструкциясы жүргүзүлүп, авиация тармагынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Өлкөдө негизги аба майдандардын шарттары жаңыртылып, "Жалал-Абад" жаңы эл аралык аэропортун куруу пландары каралууда.

VI Эл аралык көчмөндөр оюндарынын алкагында башталган «Биримдик караваны» Баткен облусунан Ош облусуна жетти. Бул долбоор улуттук биримдикти бекемдөөгө багытталган жана өлкөнүн 40 районуна таандык булак суусун бириктирет.

Баткен облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында 40 күндүк «Биримдик кербени» улуттук жүрүшү башталды. Долбоордун негизги максаты — элдин биримдигин чыңдоо, көчмөн маданиятын даңазалоо жана өлкөнүн бардык райондорундагы ыйык булактардан суу чогултуу.
Кыргызстанда 21-июлга карата АИ-95 бензининин орточо баасы июнь айындагы 87,31 сомдон 106,30 сомго чейин кескин өстү. Ошондой эле өлкө боюнча АИ-92 жана дизель күйүүчү майынын баасы да жогорулады.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Ар бир БАК боюнча чагылдыруунун тону — анын материалдарындагы эскерүүлөрдүн орточосу. «Баасыз» — тон азырынча белгиленген эмес.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.