Баткенде чоң спорт аренасынын курулушу 60%га бүтүп, октябрь айынын аягында ачуулары пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Арена 10 гектар аянтты ээлейт жана 10 миң көрүүчү үчүн ылайыкталган. Анын ичинде башкы футбол аренасы, үч машыгуу талаасы, төрт мини-футбол аянты бар.
Мындан тышкары, курулуш чараларына 100 орундуу жатакана жана 200 унаа токтотуучу жай кирди.
Жаңы спорт объектиси облус ичиндеги жана республикадагы иш-чараларды заманбап деңгээлде өткөрүүгө, ошондой эле футболдун өнүгүшүнө өбөлгө болот.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын футболун өнүктүрүү боюнча 2024–2034-жылдарга карата президенттин жарлыгына ылайык ишке ашырылууда.





