Талас облусундагы 110/10 кВ кубаттуулуктагы «Кең-Кол» подстанциясына Кыргыз Республикасынын мыкты энергетиги Закир Расабекович Мыкыевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Талас электр тармагынын ишке ашыруучу мекемеси кабарлады.
Бул чечим Закир Мыкыевдин энергетика тармагындагы 30 жылдан ашык узак мөөнөттүү кесиптик ишмердүүлүгүнө жана аймакта электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга кошкон салымына байланыштуу кабыл алынган.
Закир Мыкыев инженердик кызматтан баштап башкы жетекчилердин катарында эмгектенген. Анын жетекчилиги астында бир нече подстанциялар реконструкцияланып, кубаттуулугу жогорулатылып, жаңыч технологиялар ийгиликтүү колдонулуп келет.
Бул жетишкендиктер аймактын энергия менен камсыз болушунун стабилдүүлүгүн бир топ жогорулатты.
2009-жылы Закир Мыкыевге КМШнын «Заслуженный энергетик» наамы ыйгарылган.
Ыйгаруу аземине энергетика тармагынын ардагерлери, кесиптештери, үй-бүлөсү жана Талас электр тармагынын кызматкерлери катышып, анын кесипкөйлүгү жана инсандык сапаттары тууралуу ой бөлүшүштү.
Талас электр тармагынын өкүлдөрү Закир Мыкыевдин ысмы тармакта жогорку кесипкөйлүктүн жана кызматка берилүүнүн символу болооруна ишеним билдиришти.










