Баткен шаарында акыркы он беш күн ичинде уй эттин килограммы 750 сомго чейин көтөрүлдү. Мурун анын баасы 700 сомдон сатылып келген.
Кооз эттин баасы азыр 800 сомду түзүп, илгери 750-780 сом арасында сатылган.
Сатычылардын айтымында, баа өсүүсүнө малдын жана күйүүчү майдын кымбатташы себеп болууда.
Азык чөптү даярдоо жана жыйноо үчүн дизел отуну менен иштеген техника зарыл, ал эми күйүүчү майдын баасынын өсүшү азык чөптүн наркын жогорулатууда.
Баткендеги күйүүчү май баалары









