Кыргызстанда июль айында эттин баалары июнь айына караганда жогорулады. Орточо баалар уй эти боюнча 783,6 сомдон 802,1 сомго чейин көтөрүлдү.
Кой этинин баасы июнь айынан июль айына чейин басымдуу түрдө көбөйүп, 815,1 сомдон 853,2 сомго жетти. Кониненин орточо баасы да жогорулап, 757,3 сомдон 772,6 сомго чейин көтөрүлдү.
Аймактар боюнча карасак, Нарын шаарында уй эти эң кымбат, орточо баасы килограммына 850 сомго жеткен. Бишкек шаарында болсо кой этинин баасы эң жогору болуп, килограммы 882,7 сомду түздү.
