"75-кат" деп аталган иш боюнча соттук иш-аракеттер кечиктирилди. Жылдыруунун себеби подсудимый Бекболот Талгарбековдун келбегендиги болду.

Буга чейин Бишкек шаардык сотунда апелляциялык даттануу каралган. Бул процесс учурунда айыпталуучулар бийликти күч менен ээлеп алууга даярдык көрүүдөн күнөөлүү деп табылган. Кароонун жыйынтыгы боюнча аларга пробацияны колдонуу менен 4 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалган.

Бүгүн коргоо тараптын өтүнүчүн сот канааттандыргандан кийин, процесске күбөлөр катары аталган «75-каттын» кол коюучулары болгон бир нече адамдар келди.

Бул иш боюнча отурумду шейшемби күнү кайра баштоо пландалууда.