«75 кат» иши боюнча соттук отурум Бишкек шаардык сотунда 13-августта болду. Бул иште бир катар жогорку мамлекеттик кызматта иштеген адамдар күнөөлөнүүдө.

Соттук жараян жабык режимде өттү. Айыпталуучулардын бири болгон Курсан Асановдун адвокаты Чынара Джакупбекова ачык соттук процесс өткөрүү өтүнүчү менен кайрылганын билдирди.

Бирок соттук коллегиянын мүчөлөрү, анын ичинде мурдагы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, экс-прокурор Курманкул Зулушев жана мурдагы парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу журналисттердин катышуусуна каршы чыгып, соттун жабык өтүүсүн колдошкон.