Билим берүү министрлиги мугалимдерге эс алууну берүү тартиби тууралуу расмий билдирүү таркатты. Ага ылайык, мугалимдердин жылдык төлөнүүчү труддук эс алуу укугу Труд кодексине ылайык бекитилет.
Министрликтин маалыматы боюнча, жалпы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдерге берүүчү узартылган төлөнүүчү эс алуу 56 календардык күндү түзөт. Бул мөөнөт 2022-жылдагы Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.
Биринчи жолу ишке орношкондор үчүн эс алуу мөөнөтү алардын иштеген убактыгына жараша пропорционалдуу эсептелет. Бул 2026-жылдагы токтомго ылайык белгиленген.
Жылдык төлөнүүчү эс алуудан кийин мугалимдер өзүнүн жумуш милдеттерин Труд кодексиндеги талаптарга ылайык улантууда.
Министрлик ошондой эле, айлык акысын сактабай берилүүчү эс алууну берүү кызматкердин өзү жазып берген арызы жана жетекчиликтин макулдугу менен гана жүргүзүлөрүн белгиледи.








