Маалыматтар боюнча мугалимдик сапаты — билимдин өзөгү
Кыргызстанда мектептердин сапаты мугалимдердин сапатынан жогору боло албайт. Ошондуктан билим берүүдө мугалимдердин тандоосу жана даярдыгы эң маанилүү иш болуп эсептелет.
Акыркы жылдары мугалимдик кесипке кабыл алууда өзгөрүүлөр болду. 2022-жылы бюджеттик орундар үчүн балл 115ке, 2024-жылы 120га көтөрүлүп, контракттык орундарда болсо балл 115те калды.
Педагогикалык программаларга кабыл алуунун орточо баллы (2025)
Мугалимдик кесиптерге гранттар ордуна ваучерлер системасы киргизилди. Муну менен республиканын бюджетинен бөлүнгөн каражаттар студенттин тандоосуна жараша билим берүү мекемелерине агат. Демек, мугалим болууну каалаган студент өзүнө жаккан мамлекеттик же жеке окуу жайын тандай алат.
Бул механизм окуу жайлар арасында конкуренцияны күчөтүп, студенттерге көп тандоо эркиндигин берип, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мотивация берет.







