Кыргызстандын билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуу жылынын башталышы жылдырылганына карабастан, мектеп мугалимдери сентябрь айы үчүн толук маяналарын алышат.
Бул чечим мугалимдердин маяналары үзгүлтүккө учурабай, тийиштүү төлөмдөрдүн өз убагында жасалышын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
