Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата 11 жылдык мектеп билим берүүсүнө жана 12 жылдык окутуу мөөнөтүнө этап-этабы менен өтүп жаткан класстар үчүн базистик окуу пландарын бекитти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстарда окуу процесси жаңыланган билим берүү программалары жана жаңы окуу-усулдук комплекстер боюнча жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, жаңы окуу жылынан баштап 8-класстарда жумасына эки сааттык окуу жүктөмү менен предпрофилдик компонент киргизилет.

Ошол эле учурда 3, 4, 9, 10 жана 11-класстарда окутуу 11 жылдык мектеп үчүн иштелип чыккан билим берүү программалары жана окуу-усулдук комплекстери боюнча улантылат. Буга 3-9-класстар үчүн «Англис тили» сабагы боюнча окуу-усулдук комплекстер кирбейт.

Бекитилген окуу пландарына ылайык, өлкөдө ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу 2026–2027-окуу жылы Кыргызстандын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.

Окуу жылынын узактыгы

321-класстарда
332-класстарда
34