Чүй облусунун Москва районунда бир күндүн ичинде өткөрүлгөн рейддин натыйжасында 17 трицикл айдоочусуна айып салынды.

Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматы боюнча, учурда облустун бардык райондорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддер өтүүдө.

Жол кыймылына көзөмөл күчөтүлдү. Негизги максат – жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн шарттарды түзүү. Андыктан, биз, атап айтканда, трицикл айдоочуларын тыгындарды жаратпоого, ылдамдык режимин сактоого жана бардык эрежелерди так аткарууга чакырабыз
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан

Өз кезегинде Москва райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кечээ, 24-июлда өткөн рейдде 17 протокол түзүлгөнүн маалымдады.

Райондун бардык аймактарында рейддер жүрүүдө. Бир күндүн ичинде Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун боюнда жайгашкан Александровка, Садовое жана Беловодское айылдарында жол кыймылынын эрежелерин бузган 17 трицикл айдоочусуна протокол түзүлдү. Ар бирине миң сом өлчөмүндө айыппул салынды.