Бишкек жана Ысык-Көл облусунда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити менен VI Кочевниктердин Дүйнөлүк оюндары өтөт.

Бул чараларга байланыштуу негизги жолдор убактылуу тосулуп, чоң тыгындар жаралышы мүмкүн.

Президенттин басма сөз катчысы Дайырбек Орунбеков жарандарга алдын ала маршруттарын пландап, сабырдуулук менен мамиле кылууну сунуш кылды.

«Пусть приехавшие гости увидят широту души, достоинство, культуру и человечность кыргызстанцев»
— Дайырбек Орунбеков, президенттин басма сөз катчысы

Ошондой эле Орунбеков бул учур Кыргызстандын эл аралык имиджин сактоо үчүн биргелешкен жоопкерчилик экенин эскертип, коомчулуктан жол эрежелерин карманууну жана бири-бирине жардам көрсөтүүнү суранды.