Кыргызстандын Президентинин басма сөз катчысы Дайырбек Орунбеков Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМК саммити уюмдун мейкиндигинде маалыматтык коопсуздуктун пайдубалын бекемдөө үчүн маанилүү кадам экенин айтты.

Анын айтымында, бул иш-чара медиа тармагындагы кызматташтыктын геосаясий маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүп турат.