Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 11-августта контур №151деги жер тилкелеринде түзүлө турган турак жай тууралуу маселени калкы менен талкуулады.

Жыйынга укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана шаардык кызматтардын, Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү да катышты.

Анда айрым жарандар өзүнө таандык жер тилкелерде турак жай куруу маселесин чечүүдө жардам сурашты.

Мэр Джунушалиев жерлерди алуунун жана мамлекеттик жер актыларын жараксыз кылуунун планы жок экенин белгиледи.

«Жер тилкелерин алабыз деген ой жок. Мамлекеттик актыларды да алып салбайбыз. Бирок функционалдык зоналоону мыйзам талаптарына ылайык аныктоо керек»,
Айбек Джунушалиев, Бишкек мэри

Учурда контур №151деги жерлер дыйканчылыкка арналган жана Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки жалпы планында бул аймакка функционалдык зоналоо белгиленген эмес.

Жыйынтыгында мэр функционалдык зоналоону иштеп чыгып, мыйзамга ылайык колдонууга сунуштарды карап чыгуу тапшырмасын койду.