Бишкек шаарындагы Севастополь көчөсү, 7 дарегинде курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдүн курулушунда кооптуу бузуулар табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жетинчи кабаттагы болот арматуранын коргоочу катмары долбоордук талаптарга шайкеш келбейт. Муну менен имараттын туруктуулугу жана коопсуздугу тобокелге коюлганы айтылууда.
Застройщик катары көрсөтүлгөн «Инком системс» компаниясына 200 миң сом айып салынды жана аны кемчиликтерди жоюуга милдеттендиришти.
Бул чаралар бинанын коопсуздугун жана жашоочулардын жашоосу менен саламаттыгын коргоону камсыз кылууга багытталууда.








