Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, жылдын башынан бери коомдук транспортто акысын төлөбөй жүргөн жарандарга карата чаралар көрүлүүдө. Транспорт департаменти тарабынан үзгүлтүксүз түрдө рейддер өткөрүлүп турат.

Транспорттогу көрсөткүчтөр

785административдик протокол
471 000сом, жалпы айып пул
20контролдоочулардын саны

Текшерүү иштери жана айып пулдар

«Тулпар» долбоорунун ичинде 20 кызматкери бар контролдоо кызматы иштейт. Алар транспортто билетсиз жүргөн адамдарды аныктап, транспорт департаменти жана «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Төлөмдөрдүн накталай эмес түргө өтүүсү менен бирге, шаардык автобустарда акысын төлөбөй жүргөн адамдардын саны көбөйгөндүгү белгиленди.

Документтен

Муниципалдык коомдук транспортто жүрүү жана жүк ташуу үчүн акы төлөбөө, ошондой эле шаардык коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу жеке жактарды 10 эсептик көрсөткүч (1 миң сом) өлчөмүндө айып пул төлөөгө алып келет.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык

Контекст

Бишкек шаарынын калкы 2025-жылдын маалыматы боюнча болжол менен 1 191 000 адамды түзөт.