2026-жылдын июль айынан тартып Бишкек шаарында коомдук транспортто проездди төлөө тартиби катуу көзөмөлдөнөт. Муниципалдык «Бишкек шаардык транспорт» ишканасы рейдердик текшерүүлөрдү өткөрүп, жүргүнчүлөрдүн төлөмдөрүн текшерет.
Текшерүү учурунда контролерлер жүргүнчүлөрдүн проездди карта, QR-код же башка электрондук төлөм ыкмалары менен төлөгөнүн жана квитанцияларды сактап жүргөнүн тастыкташат. Бул квитанция төлөм фактыларынын далили болуп эсептелет.
Шаардык транспортто проездди төлөбөгөн жүргүнчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылып, 1000 сом өлчөмүндө штраф төлөшөт.
Муниципалдык «Бишкек шаардык транспорт» ишканасы жана шаар бийлиги бардыгын коомдук транспортту мыйзам ченеминде колдонууга жана проездди өз убагында төлөөгө чакырат.




