Бишкек шаарында коомдук транспортто жол акы төлөнбөгөн учурларында 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Муниципалдык «Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын контролерлери автобус жана троллейбус ичиндеги рейддер учурунда жүргүнчүлөрдөн жол акыны төлөгөндүгүн тастыктоочу электрондук же кагаздагы чекти көрсөтүүнү талап кылышат.
Айып пулдан качуу үчүн төлөмдү тастыктоочу квитанцияны берүүгө басым жасалууда жана рейддер шаарда дайыма жүргүзүлүп турат.

