Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, Бишкек шаарында бүгүн күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Күндүзгү абанын температурасы +33…+35 градус ысык болот. Ал эми дүйшөмбүгө караган түнү термометрлер +17…+19 градусту көрсөтөт.





