Республиканын айрым жерлеринде, тагыраагы, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда локалдык нөшөрлөгөн жамгыр жаайт. Мындай аба ырайы сел жана суу ташкындарын жаратышы мүмкүн.
Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Аймактар боюнча аба ырайы
Бишкек шаарында түнкүсүн абанын температурасы +17 градус, күндүз +34 градус болот.
Чүй облусунда түнкүсүн +14, күндүз +35 градуска чейин жылыйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +17 градус, күндүз +37 градуска чейин ысык болот.
Нарын облусунда түнкүсүн +8 градус, күндүз +28 градус күтүлөт.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10, күндүз +26 градус болот.
Талас облусунда түнкүсүн +13, күндүз +34 градус жылуулук күтүлүүдө.






