Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Айтурган Курманбекова Казакстан чемпионатында өзүнүн биринчи голун киргизди. Ал Казакстандын жогорку дивизионунда ойногон Караганданын «Шахтер» клубунун курамында өнөр көрсөтүүдө.
Кыргызстандык футболчу Айтурган Курманбекова Казакстан чемпионатында биринчи голун киргизди
Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Айтурган Курманбекова Казакстандын жогорку дивизионунда ойноп жаткан "Шахтер" (Караганда) клубу үчүн биринчи голун пенальтиден киргизди. Бул окуя 21-июлда "Астана" командасына каршы беттеште болду. Курманбекова июль айында "Шахтер" командасына кошулган.













