Бишкек шаарында 9 жаштагы Ибрахим Анарбеков арыкта токко урунду. Бул кырсыктан кийин ал клиникалык өлүмгө кабылып, азыр дем алдыруучу аппаратта жатат.
Ибрахимдин энеси уулунун абалынын өтө оор экенин билдирди жана окуя тууралуу толук маалымат берип, ким жооптуу болоору тууралуу маселе көтөрүлүп жатканын белгиледи.













