11-августта Бишкектеги соода борборлорунун биринде коркунучтуу окуя болду. Анда кичинекей бала үчүнчү кабаттан кулап түшкөнү маалым болду.
Бул окуя Абдрахманов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордо болуп өттү. Учурда милиция кызматкерлери бул окуянын чоо-жайын териштирүүдө.
Жабыркаган бала дароо ооруканалардын бирине жеткирилди жана медициналык жардам алууда.
Милициянын билдирүүсү боюнча, териштирүү иштери уланып жатат жана кырсыкка себеп болгон жагдайлар такталууда.









