11-августта Бишкектеги Vefa соода борборунда төрт жаштагы бала эскалатордон экинчи кабаттан кулап түшкөн.

Дарыгерлер баланын оор баш мээ жаракаттарын, анын ичинде черептин сыныктарын, мээде шишик жана кан агуу бар экенин маалымдашты.

Тиешелүү медициналык жардам катары бала ошол эле күнү операцияга алынып, азыр реанимация бөлүмүндө, комада жатат.