Бишкек шаары 17-23-август күндөрү аялдар арасындагы Азия чемпиондор лигасынын квалификациялык турнирин өткөрөт.

Бул турнирде В тобунда Гонконг, Камбоджа, Кыргызстан жана Филиппиндин чемпиондук командасы таймашат.

Кыргызстандан бул мелдеште өлкөнүн учурдагы чемпиону «Илбирс» командасы катышат.

Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жүзөгө ашырылат.

Турнирди ийгиликтүү аяктап, топтогу биринчи орунду ээлеген команда кийинки айлампага жолдомо алат.