Патрулдук милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (УПСМ) кызматкерлери Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган атайын жарык берүүчү маяктары бар унаанын айдоочусун аныктады.
Текшерүү учурунда айдоочуда мыйзамсыз орнотулган жарык маяктары табылган. Бул мыйзам бузуу боюнча айдоочуга протокол түзүлүп, анын унаасы айып токтотуучу жайга жеткирилди.
Мыйзамсыз жабдуулар болсо, андан ары чара көрүү үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.





