Испания менен Францияда бир нече күндөн бери ири токой өрттөрү уланууда. CNN телеканалынын билдиришинче, азыркы учурда эки өлкөдө эвакуацияланган тургундардын саны 300 миңден ашты. Бул өрттөр аномалдуу ысыктын, кургакчылыктын жана катуу шамалдын кесепетинен чыгууда.
Францияда жалпысынан 42 миң гектар жер аянты өрттөнүп кетти. Өлкөнүн Атлантика жээгиндеги Кап-Ферре курорттук жарым аралы толугу менен эвакуацияланган. Ошондой эле Франциянын түштүк-батышындагы Бордо шаарына жакын жерден 200 миңге жакын адам көчүрүлгөн. Бүгүнкү күндө Франциянын алты калктуу конушунан дагы 55 миң адам эвакуацияланды.
Испанияда Мадриддин батышындагы үч өрттүн экөө биригип, бир чоң өрткө айланды. Өлкөдөгү эң ири өрт Мадриддин түндүк-чыгышындагы Гвадалахара провинциясында күч алууда. Азыркы учурда ал жерде 32 миң гектар жер күйүп кетти.
Өрттөрдөн улам Испанияда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Мадриддин тургундары үчүн өрттөн чыккан түтүндүн айынан ден соолукка коркунуч туулушу мүмкүн экенин эскертти.


