ЖерЭскерүүлөр: 19

Борбордо күзүндө дарак отургузуу жана субботниктарды өткөрүү иштери уланууда. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнчө, көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүндө 300дөн ашык жаңы дарак отургузулду.

Бишкек шаарында коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелер кечки сааттарда унаалардын кыймылын кыйындатып, тыгындарга алып келип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Казыбек Эргешов билдирди.

Бишкектин Ботаникалык багында масштабдуу реконструкция иштери уланууда, алар администрациянын өкүлдөрүнүн айтымында, Борбордук Азиянын ири бактарынын бирин жандандырууга багытталган. Бул өзгөрүүлөрдүн натыйжасында кирүү акысын киргизүү жана бакты өзүн-өзү каржылоого өткөрүү пландалууда.

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылында Горький көчөсүндө жайгашкан мектепте өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт чектелип, толугу менен өчүрүлдү, эч ким жабыркаган жок.

Бишкек электр тармагы ишканасы 29-октябрда шаардын бир бөлүгүндө электр энергиясы кетиши мүмкүн экендигин эскертти. Маалыматта шаардын ар кайсы бөлүгүлөр жана айырыкча көчөлөр боюнча кетиштердин так режасы берилген.

Бишкектеги Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборунда кичинекей бала үчүнчү кабаттан кулап түштү. Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө, жабыркаган бала ооруканага жаткырылган.
Бишкек шаарынын мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисинин Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү иштерин баштады. Бул иштер жол тыгындарын азайтуу максатында жасалып жатканы кабарланды. Муниципалитет эч бир дарак кыйылбай турганына ишендирүүдө.

Бишкекте болгон жол кырсыгынан улам келип чыккан конфликт бычактуу кол салууга айланып, эки бир тууган жаракат алды. Алардан бири оор абалда ооруканага жаткырылды. Окуя 18-июлда түнкү саат жарымдарда Горький көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө карай бара жатканда орун алды.

Бишкекте 7 Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыгып, авто унаа күйдү. Окуя тууралуу маалымат Чүй облустук МЧСинин кызматкерлеринен алынды.

10-июлда Бишкектеги ХБО суу алгычында электр бөлүгү боюнча кырсык болгондуктан, шаардын айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулду. Мэрия кырсыкты жоюп, тургундарга ичүүчү суу ташып бере баштаганын билдирди.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.
Ар бир БАК боюнча чагылдыруунун тону — анын материалдарындагы эскерүүлөрдүн орточосу. «Баасыз» — тон азырынча белгиленген эмес.