Жол кырсыгы 4-августта, болжол менен саат 19:20да, Абдрахманов жана Московская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милициянын маалыматы боюнча, 1996-жылы туулган айдоочу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен Абдрахманов көчөсү аркылуу түштүк тарапка бара жаткан.

Ошол маалда велосипедчен жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерге жетпей, жолду кесип өтүп баратып, унаага сүзүлгөн.

Интернетке тараган видеодон көрүнүп тургандай, унаанын катуу соккусунан велосипедчен жогору ыргып кеткен. Тилекке каршы, алган жаракаттарынан улам 22 жаштагы жергиликтүү тургун окуя болгон жерден каза болгон.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп, бардык жагдайлар такталууда.