Астанада жасалма интеллект боюнча III эл аралык олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын катышуучуларын Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев куттуктап, өлкө санариптик өнүгүүгө стратегиялык багыт алганын баса белгиледи.

Президенттин айтымында, «БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүү индексинде Казакстан 193 мамлекеттин ичинен 24-орунду ээлейт. Жаңы технологияларды киргизүүгө даярдык деңгээли боюнча өлкө Борбордук Азияда алдыңкы орунда турат. Биз жасалма интеллект мамлекетти, экономиканы, бизнести башкаруунун маанилүү куралы болуп, коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө тарап жаткан бирдиктүү инновациялык экосистеманы түзүп жатабыз».

Токаев былтыркы кайрылуусунда Казакстанды үч жылдын ичинде толук кандуу санарип мамлекетке айлантуу милдетин койгонун эске салды. «2026-жылды Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыялоо ушул стратегиялык милдетти чечүүгө багытталган. Андан тышкары, өлкөнү инновацияларга таянып өнүктүрүү курсу 1-июлда күчүнө кирген Казакстандын жаңы Конституциясында так жазылган. Бирок бул бардык процесстердин башталышы гана», — деди мамлекет башчысы.