Бишкекте Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа жана электровелосипеддин айдоочусу кагылышкан.
Окуя 13-августта саат 22:30 чамасында Льва Толстой менен Аалы Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
22 жаштагы Subaru Foresterдин айдоочусу чыгыш багытта жүрүп жатканда, 20 жаштагы электровелосипедчи кайрылып бара жаткан жолдо унаа менен кагылышкан.
Жүргүнчү оор жаракат алып, тез жардам кызматы тарабынан №4 ооруканага жеткирилген.
Авариянын так себептери азыр иликтенүүдө, териштирүү иштери жүрүүдө.











