Бишкек шаарында жашы жете элек кызга карата мыйзамсыз аракеттерди жасоого шектелген эркек колго түшкөн.

Милицияга келген арызга ылайык, 4-июлда белгисиз эркек жашы жете элек кызга карата мыйзамсыз иштерди жасаган.

Бул факт боюнча "Азгыруучу аракеттер" деген берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Адаттагы текшерүүлөрдөн кийин 30 жаштагы эркек шектүү катары кармалып, тергөө иштери уланууда.